Минск шаарында айыл чарба кызматташтыгын чыңдоого багытталган Беларусь-Кыргызстан бизнес форуму болуп өттү. Анда эки өлкөнүн ортосунда маанилүү келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкө ортосунда асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул документте технологияларды алмашуу, асыл тукум программаларын биргелешип өнүктүрүү жана породалардын сапатын жогорулатуу каралган. Анда үрөндү тоңдуруу технологиясын өнүктүрүүгө — жаныбарлардын генетикалык материалын төмөн температурада узак мөөнөткө сактоо ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле форумда Кыргызстандан Беларуска жаңы жашылча-жемиштерди: картошка, сабиз, капуста, алма жана цитрус жемиштерин жеткирүү жөнүндө келишимге кол коюлду.
Айыл чарба министрлиги бул келишимдер сооданы кеңейтүү, агрардык секторду өнүктүрүү жана эки тараптуу байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы перспективаларды түзөрүн билдирди.