Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргызстан менен Германия экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн карашты
22.01.2026 | 13:42
Кыргызстандын экономика министринин орун басары Султан Ахматов Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Никлас Вагнер жана Германиянын КРдагы элчиси Моника Ленхард менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу 21-январда болуп, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу экономикалык өнөктөштүктүн негизги аспектилерин талкуулашты.
Предметтик диалогдун алкагында соода мамилелерин өнүктүрүү, немис инвестицияларын тартуу, ошондой эле кадрларды даярдоо жана «жашыл» технологияларды киргизүү жаатында кызматташуу сыяктуу багыттар каралды. Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен долбоорлорду мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат