Кыргызстан менен Канада соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Канаданын Кыргызстандагы элчиси Кристофер Дагган менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги талкууланган. Тараптар азыркы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки тараптуу кызматташтыктын бардык потенциалы чагылдырылбагандыгын белгилешкен.
Ошондой эле инвестициялар, жеткирүү тизмеги, энергетика, инфраструктура жана туризм чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери тууралуу сүйлөшүшкөн.
Канаданын элчиси Кристофер Дагган өзгөрүп жаткан геосаясий кырдаалда Кыргызстан менен Канада кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп, аларды калыптандырып, прагматикалык жол менен жылып, алдыга умтулуу менен ийгиликке жетишүү керектигин баса белгилеген.