Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурады
Кыргызстан менен Казакстан президенттери бир катар эки жактуу документтерге кол коюшту
22.08.2025 | 15:13

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуусунун алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Президенттин Администрацисынын маалыматына ылайык, алардын ичинде төмөнкү документтер бар:
- 2025-2027-жылдарга карата кыргыз-казак кызматташуу боюнча комплекстүү план;
- Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү;
- Саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечими;
- 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы;
- Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун куруу боюнча меморандум;
- Автотранспорт жана соода ташууларын көзөмөлдөө, чек ара пункттору, кадрларды даярдоо, элчиликтердин имараттарын пайдалануу, пенсиялык камсыздоо жана маданий кызматташтык боюнча бир катар макулдашуулар;
- Радио жыштык тилкесинде координациялоо жана туризм жаатында 2025-2026-жылдарга пландар;
- Улуттук телерадиокорпорациялардын ортосундагы кызматташтык боюнча меморандум.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат