Кыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиАлимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт
Бишкектеги №37 мектептен 15 мугалим иштен кеткен. Мэрия түшүндүрмө берди
22.08.2025 | 15:05

Бишкек шаарындагы №37 мектептен июль-август айларында 15 мугалим жумуштан кеткен. Бул тууралуу борборо калаанын мэриясы билдирди.
Мэрия аталган мектептен 22 мугалим жумуштан кетирилди делген маалыматтар чындыкка дал келбээрин айтып, эки айда 15 мугалим ар кандай себептер менен иштен кеткенин маалымдады.
“Алардын ичинен бир мугалим пенсия курагына жеткен, 8 мугалим ар кандай жөндүү жана жеке себептер менен Казакстан, Орусия, Түркия, Европа сыяктуу өлкөлөргө көчүп кеткен. 6 мугалим Бишкек шаарындагы жеке мектептерге которулган. Бош калган сааттарга мугалимдерди жумушка алуу пландалууда”,- деп билдирди Бишкек мэриясы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом