Кыргызстан менен Кореянын Кёнсанбук-до провинциясы билим берүү жаатында кызматташат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкекте билим берүү министринин орун басары Альберт Махметкулов Кореянын Кёнсанбук-до провинциясынан келген расмий делегация менен жолугушкан.
Анда тараптар Кыргызстандын мектептеринде корей тилин окутуу, Кёнсанбук-до провинциясы менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ортосунда академиялык алмашууну өнүктүрүү, кесиптик окуу жайларда корей тили кафедраларын ачуу жана жаштар арасындагы достукту чыңдоо максатында мектептер аралык алмашуу программаларын колдоо тууралуу маселелерди талкуулашкан.
Альберт Махметкулов кыргыз жаштарынын корей тилине болгон кызыгуусу жогорулап жатканын белгилеп, мындай кызматташтык билим алууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн айткан.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүнү жана пландалган демилгелерди ишке ашырууну макулдашышкан.