Кыргызстан менен Корея эт экспортун өнүктүрүү боюнча келишимге кол койду

23.09.2025 | 17:48

Бишкекте «Кыргыз Агрохолдинг» ААК катышкан кыргыз-корейдик «ДОД Компани КК» ЖЧКсы «ТОРО» ЖЧКсы менен кызматташтык келишимине кол койду.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, келишимге ылайык, термикалык иштетилген этти өндүрүү, сатып алуу жана Кореяга экспорттоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүк каралган.

«ТОРО» ЖЧКсы сапаттуу эт продукциясын жеткирүүнү жана эл аралык стандарттардын (HACCP, ISO22000 ж.б.) сакталышын камсыздайт. Өз кезегинде «ДОД Компани КК» ЖЧКсы экспорттук операцияларды, документтерди даярдоону жана корей импорттоочулары менен өз ара аракеттенүүнү жүргүзөт.

Ал эми «Кыргыз Агрохолдинг» ААК өз компетенциясынын алкагында колдоо көрсөтөт: ветеринардык жана уруксат берүүчү документтерди алууга, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууга көмөктөшөт.

Scroll to Top