Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Кыргызстан менен Орусия “Чалдовар” ЖЭСин чогуу курат
31.03.2024 | 10:46
Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов кол койгон документ “Чалдовар” жылуулук электр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташууну камтыйт. Ошондой эле эки өлкөнүн энергетика тармагындагы уюмдарынын өз ара кызматташуусуна багытталган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо, куруу жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгуу да каралган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар