Кыргызстан менен Орусия энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

Казан шаарында өткөн Энергопром форумунун алкагында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
Энергетика министрлигинин маалыматында, документ жабдууларды жеткирүүнү, технологияларды киргизүүнү, адистердин тажрыйба алмашуусун жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүнү карайт.
Таалайбек Ибраевдин айтымында, бул кызматташтык өлкөгө технологияларды алып келүүгө, ички өндүрүштү өнүктүрүүгө жана тармактын туруктуулугун камсыздоого багытталган.
Сергей Цивилев бул документ Кыргызстанга Орусиянын электр жабдууларын жеткирүү боюнча келишимдердин башталышы болорун билдирди. Ошондой эле тараптар технология алмашуу жана өндүрүштөрдү биргелешип жайгаштырууну ишке ашырышат.
Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында заводдорду ачуу жана жумуш орундарын түзүү пландалууда. Бул ички рынокту чыңдоого жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.