Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайга багытталган темир жол долбоорун илгерилетүүдө

12.02.2026 | 11:46

11-февралда Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Министрлер иштин жүрүшү тууралуу актуалдуу маалыматтар менен алмашышты жана эки республиканын транзиттик дараметин толук кандуу пайдаланууга жолтоо болгон тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын баса белгилешти.

Күн тартибинде жүк ташуунун географиясын кеңейтүү, анын ичинде Кыргызстандын аймагы аркылуу Пакистанга жүк ташуу маселелери да каралды. Мындан тышкары, министрлер өзбекстандык айдоочулар үчүн виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү темасына токтолушту.

КР Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөр достук маанайда өттү. Ведомство жетекчилери транспорт тармагындагы туруктуу жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыздоо үчүн жаралган көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүүнү макулдашышты.

Scroll to Top