Кыргызстан менен Россия орус тили боюнча окуу китептерин жеткирүүнү макулдашууда

06.02.2026 | 15:57

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде Россия Федерациясынын Просвещение (Агартуу) министрлигинин өкүлдөрү менен видеоконференция болуп өттү. Ал орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин адаптациялоо жана жеткирүү маселелерине арналды. Сүйлөшүүлөргө министрдин орун басары Надира Жусупбекова, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов жана Россиянын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 3, 4, 6 жана 8-класстары үчүн окуу материалдарын адаптациялоо иштеринин жүрүшү талкууланды. 2025-жылдын күзүндө Кыргызстандын орус тилинде окуткан мектептерине 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн орус тили жана окуу боюнча 651 000 окуу китеби жеткирилген. Тараптар окуу китептерин андан ары жеткирүү пландарын карап чыгып, окуу жүктөмү жана материалдардын билим берүү стандарттарына шайкештиги боюнча маселелерди талкуулашты.

Scroll to Top