Кыргызстан менен Сауд Аравиясы экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Сауд Аравиясы экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Сауд Арабия Королдугундагы Кыргызстандын Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын төрагасы Хассан Моажеб Аль-Хувайзи менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жолдорун талкуулашты. Элчи Улукбек Марипов элчиликтин соңку аракеттери жана эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Хассан Моажеб Аль-Хувайзи өз кезегинде эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын өсүү динамикасын жогору баалап, соода жана өнөр жай палаталарынын ортосундагы тыгыз байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өз ара пайдалуу кызматташтыктын потенциалын толук ачууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун катышуусунда өтө турган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу тыгыз байланыштарды улантууга макулдашышты.

Маалымат иретинде:  Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясына 28 палата кирет. Федерацияда 1,3 миллиондон ашык ишкерлер мүчө болуп саналат. Ошондой эле 30дан ашык чет элдик өлкөлөр менен ишкер кеңештер түзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>