Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда эки тараптуу кыргыз-түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн. Ошондой эле, анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган.

Белгилей кетсек, Түркия эгемен Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет болуп саналат. Ушу тапта эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт. Азыр аны 1 млрд долларга жеткирүү аракети жасалууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>