Кыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейт

25.08.2025 | 17:59

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Холикзода башында турган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, чек ара кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле инфраструктура жана энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүшкөн.

Данияр Амангелдиев Кыргызстан Тажикстан менен өз ара сооданын көлөмүн 500 млн долларга чейин көбөйтүүгө умтуларын билдирген.

Хоким Холикзода өз кезегинде Кыргызстанда салыктык башкаруу, бажы кызматы жана санариптештирүү жаатындагы ийгиликтүү иштер жасалып жатканын белгилеп, бул тажрыйбаларды үйрөнүү Тажикстан үчүн практикалык мааниси чоң экендигин билдирген.

Өкмөттүн маалыматында, бул иш сапардын алкагында тажик делегациясы Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун бир катар объектилерин кыдырып, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана санариптик трансформациялардын практикалык натыйжалары менен таанышат.

Scroll to Top