Кыргызстан менен Түркия биргелешкен медиа хаб түзүүнү пландаштырууда

Бишкек менен Анкара биргелешкен медиа хаб түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият министринин орун басары Марат Тагаев менен Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушуу Анкарадагы Түрк тилдүү мамлекеттердин жалган маалыматтарга каршы күрөшүү форумунун алкагында өтүп, анда эки тараптуу медиа кызматташтыкты стратегиялык деңгээлге көтөрүү маселелери талкууланды.
Тараптар медиа контент, аналитикалык материалдар, документалдык жана билим берүү программалары, санарип технологиялар, жасалма интеллект жана фактчекинг багытындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сүйлөшүштү.
Жолугушууда эки маанилүү демилге көтөрүлдү:
- Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында биргелешкен медиа-хаб түзүү;
- Кыргыз-Түрк глобалдык медиа платформасын өнүктүрүү.
Ошондой эле кадрдык потенциалды жогорулатуу маселеси каралды. Бул багытта медиа академиялардын базасында тажрыйба алмашуу жана адистерди кайра даярдоо программаларын ишке ашыруу пландалууда.