Кыргызстан менен Түштүк Корея биргелешип электр заряддоо станцияларын өндүрөт

01.08.2025 | 10:02

Кыргызстан менен Түштүк Корея биргелешип электр заряддоо станцияларын өндүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому жана Түштүк Кореянын BLUE NETWORKS CO., LTD. ишканасы үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Келишимде Кыргызстандын аймагында электр заряддоо станцияларын өндүрүүнү түзүү жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу каралган.

Тараптар долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашырышат. Келишимде заводду долбоорлоо жана мүмкүн болгон учурда куруу, ошондой эле өлкөнүн негизги шаарларында жана аймактарында заряддоо түйүндөрүн өнүктүрүү пландалган.

“Бул кызматташтык туруктуу жана экологиялык жактан таза транспорттук инфраструктураны түзүүгө, жогорку технологиялуу өндүрүштү локалдаштырууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган”,- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, BLUE NETWORKS CO., LTD. — электр транспорт каражаттары үчүн заряддоо инфраструктурасын иштеп чыгуу жана өндүрүү багытында адистешкен инновациялык түштүк кореялык компания.

Scroll to Top