Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Кыргызстан менен Түштүк Корея агроөнөр жай кооперациясын өнүктүрүүдө
02.06.2025 | 10:09
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев менен Кореянын Айылдык коомчулук корпорациясынын (KRC) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар айыл чарба тармагында кызматташууну тереңдетүү, жашылча-жемиштерди өндүрүү жана коңшу өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары, суу менен камсыздоо, ирригациялык системаны жакшыртуу жана айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги каралды .
Бул жолугушуу Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Тараптар талкууланган долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар