Кыргызстан менен Япония туризм менен IT тармагында кызматташуусун өнүктүрөт

Кыргызстан менен Япония туризм менен IT тармагында кызматташуусун өнүктүрөт

Бүгүн, 5-июнда өкмөт башчынын орун басары Эдиль Байсаловдун Японияга иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрүп, кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга жетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Эдил Байсалов Япониянын туристтик операторлорунун ассоциациясынын президенти Кунихаро Эбина менен жолугушту. Анда тараптар Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүү жолдорун талкуулашып, 2025-жылдын 10-15-июнуна пландаштырылган Япониянын алдыңкы туроператорлору үчүн таанышуу турун уюштурууну макулдашты. Япон тарап туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку кызыкдарлыгын билдирди.

Андан кийин Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчиси Акихиса Нагасима менен жолугушуу болду. Жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык мамилелерди чыңдоо маселелери, ошондой эле кыргыз-япон өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү талкууланды.

Мындан сырткары Эдил Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы Осака шаарындагы “Билим капиталы” инновациялык платформасында болушту. Ал Япониянын технологияларды жана ишкердикти колдоо боюнча алдыңкы борборлорунун бири болуп саналат. Анда Япониянын тышкы соода уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, санариптик технологиялар, стартаптарды колдоо, кыргыз өндүрүмдөрүн япон рыногунда жылдыруу жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды. Япон тарап инновациялар жана Кыргызстандан жогорку сапаттагы өндүрүмдөрдү импорттоо жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>