Кыргызстан Мьянма беттешинде оюн талаасына чуркап чыккан күйөрманга иш козголду (видео)

Кыргызстан Мьянма беттешинде оюн талаасына чуркап чыккан күйөрманга иш козголду (видео)

Кыргызстан менен Мьянма курамаларынын беттешинде оюн талаасына чуркап чыккан күйөрманга иш козголду. Бул тууралуу  Репортерге Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков  билдирди.

“Бул факты “Бейбаштык” беренеси  менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки тергөө башталды. Күйөрманды жоопко тартуу боюнча укуктук жагын сот чечет”, — деди Жумаков.

Улан Жумаков ошондой эле оюн учурунда эки күйөрман чуркап чыккан деген маалыматты четке кагып, бир гана факты катталганын айтты.

Күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыккан учурун башкалар видеого тартып алышып, интернетке жүктөшкөн. Тасмада ал дарбазачы Павел Митяш менен кол алышат, андан кийин оюн талаадан чыгып баратканда миилция кызматкерлери кармап кетет.

Күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыккандыгы үчүн Кыргызстандын футбол федерациясына ФИФАнын өкүлдөрүнөн рапорт келгенин федерациянын вице-президенти Дастан Конокбаев  билдирген.

Кечээ, 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан  менен Мьянманын футболчулары Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында  беттешип, кыргызстандыктар 7:0 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Кыргызстан менен Австралиянын курамасынын беттешинде күйөрман оюн талаасына чуркап чыкканы үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясы ФИФАга 28 миң доллар айып пул төлөгөн.

Видео: Бахар Хакимова

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>