Кыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттү

26.01.2026 | 16:45

Кыргызстандын аймагында Нипах вирусу менен ооруган бир дагы учур катталган жок. Эпидемиологиялык кырдаал мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Инфекциянын сырттан кирип кетишине жол бербөө үчүн мекеме алдын алуу чараларынын комплексин ишке ашырды. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Адистер келип жаткан адамдардын ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүп, транспорт каражаттарын санитардык кароодон өткөрүүдө. Республиканын бардык медициналык уюмдары мүмкүн болуучу бейтаптарды эрте аныктоо, обочолонтуу жана ыкчам эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү алгоритмдери боюнча кеңири нускамаларды алышты.

Министрлик маалыматтарды ыкчам алмашуу жана аракеттерди координациялоо үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен туруктуу өз ара аракеттенүүнү колдоп турат.

Маалымдама маалымат

Нипах вирусу оор зооноздук инфекция болуп саналат. Вирустун негизги табигый булагы — жарганаттар (крыландар). Адамга инфекция жуккан жаныбарлар менен байланышта болгондо, булганган тамак-ашты колдонууда же оорулуу адам менен тыгыз байланышта болгондо жугушу мүмкүн. Оору дем алуу жолдорунун жабыркашы жана мээнин сезгенишинин (энцефалиттин) өөрчүү коркунучу менен мүнөздөлөт. Негизги белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, курч баш оору, жөтөл жана дем алуунун кыйындашы кирет.

Алдын алуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга жеке гигиена эрежелерин так сактоону, жапайы жаныбарлар менен байланышты жокко чыгарууну жана термикалык иштетүүдөн өтпөгөн азыктарды колдонбоону сунуштайт. Жугуштуу оорунун белгилери пайда болгон учурда дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Мекеме дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин, ал эми улуттук саламаттыкты сактоо системасы мүмкүн болуучу эпидемиологиялык коркунучтарга чара көрүүгө даяр экенин баса белгилейт. Расмий маалымат жалаң гана мамлекеттик байланыш каналдары аркылуу таратылат.

Scroll to Top