Кыргызстан органикалык жер семирткичтерге өтөт

26.05.2025 | 15:46

Кыргызстан айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында органикалык жер семирткичтерге өтүүнү баштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул кадам минералдык жер семирткичтерге болгон көз карандылыкты азайтып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген, сапаттуу жана коопсуз продукция өндүрүүгө багытталган.

Алдыдагы жылдары органикалык жер семирткичтерди жергиликтүү деңгээлде өндүрүү жана дыйкандарды экологиялык дыйканчылыкка өтүүгө үндөө пландалууда.

«Максат — импортту азайтып, экологиялык таза жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү», — деп белгиледи министрлик.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top