Кыргызстан Россияга кийим экспорттоочу алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду

Кыргызстан Кытай, Түркия, Беларусь жана Вьетнам менен катар Россияга кийим тигүү буйрутмаларын аткарган алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу PROfashion порталы жазды.
Маалыматка караганда, 2022-жыл тармак үчүн бурулуш учур болгон. Россиядан чет элдик бренддер чыгып кеткенден кийин Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өлкөнүн жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттоо көлөмү кескин өскөн.
Натыйжада:
- жеңил өнөр жай товарларынын экспорту эки эсеге,
- кийим-кече буюмдарынын экспорту төрт эсеге өсүп, болжол менен 200 млн долларга жеткен.
«Легпром» ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов Россия рыногу Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, бүгүнкү күндө кыргыз кийимдери Орусиянын 50дөн ашык шаарында, Казакстандын 17ден ашык шаарында, ошондой эле Тажикстан, Өзбекстан жана Түркменстанда сатылып жатканын билдирди.
Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Дилорамкан Дүйшөбаева кыргыз өндүрүүчүлөр суроо-талапка ээ плюс-размер кийимдери менен рынокто кытай товарларынын ордун басып жатканын айтты.
Эксперттердин баамында, кыргыз ишканаларынын ийкемдүүлүгү жана россиялык стандарттарга ыңгайлашкан продукциясы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып жатат. Ошондой эле ЕАЭБ мүчөлүгү логистиканы жөнөкөйлөтүп, товарларды жеткирүүнү тездетүүдө.