Майлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө
ЖК Канат Сагынбаевдин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды
03.09.2025 | 16:02

Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-сентябрдагы жыйында Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Канат Сагынбаевдин талапкерлигин жактырып, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат