Кыргызстан-Сауд Арабия парламентинин төрагалары жолукту

Кыргызстан-Сауд Арабия парламентинин төрагалары жолукту

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жумабеков акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы бардык деңгээлдеги саясий байланыштар артып жатканын белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтык жигердүү улантыла баштаганына токтолду.

Ошондой эле Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх баштаган делегациянын Кыргызстандагы иш сапары мындан аркы кызматташтыкка жаңы дем берип, мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Мындан сырткары төрага 2019-жылдын сентябрь айында Бишкекте кызматташтык боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин II отурумун өткөрүү мерчемделип жатканын эске салып, анын алкагында соода-экономикалык, инвестициялык байланыштарды бекемдөө өңдүү маселелер караларын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>