Кыргызстан сертификаты жоктугуна байланыштуу 44 тоннадан ашык картошканы Россияга кайтарды
КР Айыл чарба министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин инспекторлору республиканын аймагына Россия Федерациясынан 44,2 тонна картошканы алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.
Карантиндик фитосанитардык талаптарды бузуу фактысы 2026-жылдын 7-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Тилек» өткөрүү пунктуна жакын жердеги «Бириктирилген постто» катталды. Текшерүү учурунда фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон продукциянын партиясына милдеттүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды.
ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого (№318 Чечим) ылайык, жүк ташып келүү эрежелерине дал келбейт деп табылып, жөнөтүүчүгө кайтарылды. Ведомство өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо үчүн өткөрүү пункттарында карантинге алынуучу продукцияга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.