Кыргызстан Швейцария, Австриядагы элчиликке кеңсе сатып алат

Кыргызстан Швейцария, Австриядагы элчиликке кеңсе сатып алат

Кыргызстан чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн баарына кеңсе жана кызматтык батирлерди сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Париждеги элчиликтин жаңы имараты менен таанышкандан кийин билдирди.

Жыл башында эличилик аянтты 320 чарчы метр болгон кеңсе сатып алган.

«30 жыл ичинде эчиликтин имараттары жалаң ижарага алынып, 3төн кеңсе, 3төн батирдин акчасын коротушту. Мисалы, Нью-Йоркто ижара акысы 5 миң доллар турат. 30 жылда кыймылсыз мүлк сатып алса, аны 10 жылда актап, өлкөнүн менчиги болуп калмак», — дейт Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы Венгриядан имарат сатылып алынганын, Швейцария, Австриядан жана Новосибирск шаарынан (Россия Федерациясы) кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Нью-Йоркто (АКШ) жана Берлин шаарында (ГФР) дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>