Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстан чет мамлекеттерге 4 миң 450 электр трансформаторун экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылды.
Маалыматка ылайык, негизги экспорт рыногун Орусия түзгөн. Бул өлкөгө 4 миң 54 даана жабдуу жөнөтүлгөн.
Казакстанга 213 даана, Бириккен Араб Эмираттарына 60 даана трансформатор сатылган.
Мындан тышкары экспорттолгон мамлекеттердин ичинде Өзбекстан (50 даана), Гонконг (33 даана), Исландия (32 даана), Түркия (6 даана), ошондой эле Польша жана Беларусь (ар бирине 1 даанадан) бар.