Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт

19.03.2026 | 13:21

26–27-мартта Шымкент шаарында (Казакстан) өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын катышуусундагы кооперациялык долбоорлор үчүн тандоонун жөнөкөйлөтүлгөн критерийлерин бекитүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.

Күн тартибиндеги негизги маселе — Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен долбоорлору үчүн катышуучуларды тандоо жөнүндөгү Жобо болмокчу. Негизги өзгөртүү Кыргызстан үчүн жеке талаптарды иштеп чыгууга тийиштүү. Мындай кадамдын зарылдыгы катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү деңгээлинин ар түрдүүлүгү жана тиешелүүлүгүнө жараша бизнестин мүмкүнчүлүктөрүнүн ар башкалыгы менен шартталган.

«Айрым механизмдер боюнча ченемдер ар башка болушу керек. Биз башка өлкөлөр тарабынан буга түшүнүү менен мамиле кылуусуна жетиштик», — деп баса белгиледи Экономика министрлигинин өкүлү. Анын айтымында, жыйынга так кыргызстандык ишканалар үчүн кыйла жөнөкөй жана жеткиликтүү критерийлерди иштеп чыгуу боюнча атайын тапшырма даярдалууда.

Кеп ЕАЭБде иштеп жаткан жеңилдетилген насыялоо механизми тууралуу болуп жатат. Ал компанияларга Биримдиктин жалпы бюджетинен пайыздык чендерди субсидиялоонун эсебинен биргелешкен өндүрүш долбоорлорун ишке ашырууга каражат алууга мүмкүндүк берет.

Программага катышуунун экономикалык натыйжасы олуттуу:

  • рыноктук насыя ставкасы жылына 23%дан 6,5%га чейин төмөндөтүлүшү мүмкүн.

Мындай колдоо өнөр жай кооперациясын стимулдаштырууга жана интеграциялык бирикменин ичинде жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө багытталган. Жөнөкөйлөтүлгөн критерийлердин киргизилиши Кыргызстандын көбүрөөк ишканаларына өз өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн арзан насыялардан пайдаланууга жол ачат деп күтүлүүдө.

Теги: ЕАЭБ
Scroll to Top