Тергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты
Тогуз-Тородо тургундарга 6 миң түп алма көчөтү бекер таратылды
09.04.2026 | 11:05

Айыл чарба министрлигинин Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Атай айыл аймагынын Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтүн бекер таратты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тургундарга алманын Крипсон, Симиренко, Голден Делишес, Столовка, Белый Налив жана Ред Чиф сорттору берилген. Бул иш-чара президенттин «Бир айыл – бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө жарлыгынын алкагында уюштурулган.
Долбоор ФАО тарабынан каржыланып, бак-дарактарды көбөйтүүгө, кошумча киреше булактарын түзүүгө жана экологияны жакшыртууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом