Кыргызстан Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол койду

29.09.2025 | 12:27

26-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстан Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол койду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ядролук куралды толук жок кылуунун эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги пленардык жыйында сөз сүйлөгөн.

Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев ядролук куралдан арылуу жана аны жайылтпоого байланышкан маселелер Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеген. Министр Кыргызстан ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол койгон мамлекеттердин катарына кошулганын жана бул кадам өлкөнүн эл аралык коопсуздукту жана жайылтпоону бекемдөө боюнча курсунун мыйзам ченемдүү уландысы экенин билдирген.

Пленардык жыйындан кийин Кыргызстандын Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол коюу аземи өткөн.

Scroll to Top