28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү
БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты
16.03.2026 | 19:34

Бүгүн, 16-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Комиссиянын маалыматында, Жунушалиева өзүнүн жеке арызынын негизинде мандатын тапшырган. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы айтылган жок.
Депутат айым 2025-жылдын декабрында № 29 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген. Ал парламентке келгенден кийин ЖКнын Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна дайындалган. Бирок аны 12-февралда өткөрүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат