Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкөлөрү үрөндөрдү сактоо үчүн Якутиядагы уникалдуу криобанкка жөнөтүшөт
Марттын башында Якутиядагы жер астындагы криосактоочу жайга Кыргызстандан, Казакстандан жана Беларустан үрөн материалдарынын алгачкы партиялары келип түшөт. Өсүмдүктөрдүн баалуу түрлөрүн сактоо боюнча долбоор Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) катышуучу мамлекеттерди камтыйт.
Объект болжол менен 12 метр тереңдикте жайгашкан. Анын негизги өзгөчөлүгү болуп түбөлүк тоңдун табигый шарттарын пайдалануу саналат. Туруктуу температуранын болжол менен −10°C болушу генетикалык материалды өнөр жайлык муздаткыч жабдууларды колдонбостон сактоого мүмкүндүк берет. Инженердик чечимдер жер бетинде суук −50°Cга жеткен экстремалдык шарттарда да сактоочу жайдын ичинде муздак абаны топтоону жана кармап турууну камсыздайт.
Долбоорду илимий коштоону Криолитозонанын биологиялык маселелери институту жана Орусия илимдер академиясынын (РАН) Сибирь бөлүмүнүн Тоң таануу институту ишке ашырууда.
Изилдөөлөр ыкманын артыкчылыгын тастыктайт: 40 жыл сакталгандан кийин деле үрөндөрдүн өнүмдүүлүгү 80–90% деңгээлинде сакталат, бул салттуу ыкмалардын жыйынтыгынан ашып түшөт.
Учурда криобанкта Орусиянын аймактарынан 13 миңге жакын үлгү чогултулган. Долбоордук сыйымдуулугу 100 миң бирдик болсо, келечекте сактоочу жайды миллион үлгүгө чейин кеңейтүү пландалууда.
Долбоорго БРИКС өлкөлөрү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Африка мамлекеттери кызыгуусун билдиришти. Эксперттердин баамында, эл аралык катышуунун учурдагы темпи сакталса, иштеп жаткан кубаттуулуктар бир жылдын ичинде толуп калышы мүмкүн. Буга байланыштуу 2030-жылга чейин аймакта дүйнөлүк үрөн фонду үчүн жаңы, сыйымдуулугу чоң сактоочу жай куруу көздөлүүдө.