Кыргызстанда доллардын баасы кескин түрдө жогорулап, азыркы тапта доллар 73 сомдон сатылууда. Ал эми бир доллардын алуудагы баасы 72,80 сомдун айланасында болууда. Бул тууралуу «Акчабар» каржылык порталы жазды.
Бүгүн, 10-мартта түшкө чейин Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатуудагы баасы 69,80 сом ал эми алуудагы баасы 69,90 сом болуп турган.