Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскеришти
Бүгүн, 7-апрелде Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, Койчиев «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдын Элдик апрель революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.
Иш-чарага КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Ашырбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башкалар катышканы белгиленди.
Эскерте кетсек, 16 жыл мурун Кыргызстанда Апрель революциясы болуп, анын жүрүшүндө президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган.
Каргашалуу окуялар 123 адамдын өмүрүн алып кеткен: Бишкектин борбордук аянтында 87 адам набыт болуп, жүздөгөн кыргызстандыктар жарадар болушкан.
Бул дата 2025-жылга чейин календарда кызыл күн болуп келген.