Бишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болду
Кыргызстанда 32 жаңы медициналык мекеме курулууда
14.07.2025 | 15:00
Өлкө боюнча жалпы 32 жаңы медициналык имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагына жыл сайын бөлүнгөн каражаттын көлөмү өсүп жатат.
«Бул — жөн гана сандар эмес, бул ар бир кыргызстандык өз өлкөсүндө сапаттуу медициналык кызмат алууга тийиш деген мамлекеттик максат,» — деди Орунбеков.
Медицинага бөлүнгөн каражаттар:
- 2021-жылы – 26,3 млрд сом
- 2024-жылы – 42 млрд сом
- 2025-жылы – 49,6 млрд сом
Курулуп жаткан мекемелердин аймактык бөлүнүшү:
- Бишкек – 5
- Ош облусу – 6
- Чүй облусу – 3
- Ысык-Көл облусу – 4
- Жалал-Абад облусу – 9
- Нарын облусу – 2
- Баткен облусу – 1
Дайырбек Орунбеков пандемия кыргыз медицинасын чоң сыноого салганын белгилеп, андан кийин бул тармакта өзгөрүүлөр башталганын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар