Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Туризмди өнүктүрүү фондун Данияр Косумбаев жетектейт
14.07.2025 | 15:02
Данияр Косумбаев Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти болуп дайындалды. Ал бул кызматка өткөн жылдын октябрь айынан бери фондду жетектеп келген Кылычбек Рысалиевдин ордуна келди.
Косумбаевдин кыскача өмүр баяны:
- Билими:
Экономист, Кыргызстандын Эл аралык университетинин бүтүрүүчүсү. Ошондой эле Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу багыты боюнча магистр даражасына ээ. - Тажрыйбасы:
Ар кайсы жылдары “Кыргызтелеком” ААК башкармалыгынын төрагасы, эл аралык IT-компаниялардын (RITE, Bars Group ж.б.) өкүлү болуп иштеген. Мамлекеттик кызматта Этил спирти жана алкоголдук продукциялар боюнча агенттикте статс-катчы, ЖККК жана ЖКККББда иш тажрыйбасы бар.
Акыркы убактарда Туризм фондунун президентинин кеңешчиси болуп, IT багытын өнүктүрүү боюнча иш алып барган.
Кошумча маалымат:
Данияр Косумбаев кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал УКМКнын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Рубрики: Жаңылыктар