Кыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөн

17.11.2025 | 10:54

Былтыр, 2024-жылы, көзөмөлдөнүүчү стационардык булактардан атмосферага 58,3 миң тонна зыяндуу газдар жана башка булгоочу таштандылар чыккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялаган “Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсү: 2020-2024” статистикалык жыйнагында айтылды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылга салыштырмалуу 2024-жылы катуу булгоочу заттардын бөлүнүшү 15,2%га, ал эми суюк булгоочу заттарды бөлүнүшү 16,3%га өскөн.

Абага бөлүнүп чыккан көмүртек кычкыл газынын эмиссиясы 2020-жылы 9,7 миң тоннаны түзсө, 2024-жылы ал 11,9 миң тоннага жеткен, башкача айтканда, 22,7%га көбөйгөн.

Атмосферага чыккан булгоочу заттардын 35%га жакыны Бишкек шаарына туура келери айтылды.

Ошондой эле 2024-жылы бүтүндөй өлкө боюнча абага чыккан булгоочу заттардын көлөмү бир чарчы км ге алып эсептегенде 291,6 кг түзгөн, ал эми адам башына эсептегенде 8,9 кг түзгөн.

Scroll to Top