УКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталганКыргызстанда көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн дизелдик күйүүчү май ташууну субсидиялоо сунушталуудаКыргызстанда балдар мекемелеринин жанында кооптуу товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталуудаКыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталуудаСоттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий бердиБивол карьерасын 40 жашка чейин аяктагысы келерин билдирди
Өкмөт башчы Москвага иш сапары менен барат
17.11.2025 | 11:17

17-18-ноябрда Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Орусиянын Москва шаарында болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат