Кыргызстанда «Аламан улак» федерациясы түзүлүп, жетекчиси дайындалды

08.08.2025 | 14:59

Кыргызстанда аламан улак оюнун жайылтуу жана ал боюнча иш-чараларды координациялоо максатында «Аламан улак» федерациясы түзүлдү. Чолпонбай Исмаилов федерациянын президенти болуп шайланды. Ал эми анын кеңешчиси болуп УКМКнын кызматкери дайындалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, акыркы мезгилде аламан улак оюнунун өткөрүүдө бирдиктүү регламенттин жана эрежелеринин жоктугунан спорттук командалардын ортосунда ар түрдүү чыр-чатактар чыгып, кээде оюндан алган жаракаттан адам өлүмүнө алып келген учурлар катталууда.

Мындан улам УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун ишинин натыйжасында аламан улак оюнун уюштуруу жана өткөрүү иштерин жөнгө салуу үчүн жаңы жоболор жана регламенттер иштелип чыгып, бекитилген. Ошондой эле «Аламан улак» федерациясы расмий каттодон өткөрүлүп, жетекчиси дайындалган.

“Бул аракеттер катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, системалуу тартип бузууларга жол бербөөгө, мелдештерди уюштурууда калыстык менен ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top