Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Акыркы жылдары Пакистандан келген түз инвестициянын көлөмү туруктуу өсүүдө
08.08.2025 | 16:03

Акыркы 5 жылда Пакистандан Кыргызстанга келген түз инвестициялар туруктуу өсүү көрсөттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мезгил ичинде Пакистандан өлкөгө жалпы 19,1 млн доллар инвестиция келген.
Жылдар боюнча көрсөткүч:
- 2020-жыл — 2 млн доллар;
- 2021-жыл — 1,2 млн доллар;
- 2022-жыл — 4,4 млн доллар;
- 2023-жыл — 6,9 млн доллар;
- 2024-жыл — 4,6 млн доллар(бүгүнкү күнгө карата).
“Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы жыл сайын чыңдалууда. Айыл чарба, энергетика, соода жана санариптик экономика боюнча долбоорлор көбөйүүдө. Перспективалар көп!”- деп билдирди агенттиктин директору Фархат Иминов.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: инвестиция, Пакистан