Кыргызстанда асыл тукум жылкы чарбасы боюнча мамлекеттик холдинг түзүлдү

Министрлер кабинети асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү боюнча «Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдингин түзүү» тууралуу токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, холдинг Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борборунун базасында түзүлүп, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине өткөрүлдү. Холдингдин ишмердүүлүгүн каржылоого бюджеттен 1,5 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт.
Ошондой эле холдингдин карамагына Ош облусунун Ноокат районундагы «Көк-Бел», Нарын районундагы «Нарын» жана Талас районундагы «Талас» мамлекеттик жылкы заводдору өткөрүлдү.
Маалыматта айтылгандай, кайра уюштуруу асыл тукум жылкы чарбасындагы ишти тартипке келтирүү жана аны мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.