Кыргызстанда автомектептерди лицензиялоого 2 жылдык мораторий киргизилди

16.10.2025 | 11:47

Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо мектептерин лицензиялоого эки жылдык мораторий киргизилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтында маалымдалды. Чечимге айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо ишинин сапатын жогорулатуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Документке ылайык, 2025-жылдын 20-октябрынан тарта 2027-жылдын 31-декабрына чейин транспорт каражаттарын башкарууга даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия берүүгө убактылуу тыюу (мораторий) салынат. Бул тыюу лицензияны кайра каттоо, көчүрмө берүү, токтотуу, калыбына келтирүү, токтотуу же жараксыз деп табуу учурларына тиешелүү эмес.

Ошол эле учурда убактылуу тыюу мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбайт.

Мындан тышкары, президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борборуна бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Токтомдун аткарылышын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Scroll to Top