Бүгүн, 12-июнда Кыргызстанда биринчи ирет чет элдик жаранга мекен-карт берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министр Талантбек Иманов ата-энеси Кыргызстандын жараны болгон Россиянын жараны — Исанбек кызы.Ж.га биринчи мекен-картты тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөнүн паспортун алган мекендештер үчүн мекен-картага документтерди кабыл алуу ушул жылдын 13-мартынан башталган.
Мекен-карт алган кыргызстандыктарга «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген макам берилет. Аларга төмөнкүдөй укуктар берилет:
— Тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга;
— Уруксат албай эле иштөөгө;
— Билим алууга;
— Медицина кызматын колдонууга;
— Ата-энеси же башка жакындарынан мураска калган жер үлүшүн 10 жыл колдонууга шарт түзөт;
— «Мекен-карт» 10 жылга чейин жарактуу.
Коопсуздуктан улам документ Кыргызстан менен коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз