Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Эртең Бишкекте велосезон ачылат
05.04.2025 | 15:12
6-апрелде Бишкек шаарында велосезондун ачылышы өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Каттоо ошол жерде саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 км түзөт.
Финиш “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. Анда спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары уюштурулат.
Веложүрүш өтүүчү маршрут – Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар