Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Кыргызстанда быйыл 6500дөн ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган
02.06.2025 | 10:57
Жыл башынан бери Кыргызстанда 6 миң 536 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыга салыштырмалуу 36%га көп. Укук коргоо органдары тарабынан зордук-зомбулук фактысы боюнча 4967 коргоо ордери берилип, 1708 протокол түзүлдү. Мындай маалыматтар Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын материалдарында камтылган.
538 адам жоопкерчиликке тартылды — алар коомдук ишке жиберилди, дагы 824 адам камакка алынды. 165 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 11и адам өлтүрүү.
Жакында Ош облусунда резонанстуу окуя катталды: мектептеги жолугушууга барган эркек 38 жаштагы аялын кызганычтан улам өлтүрүп алган.
Рубрики: Жаңылыктар