Кыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

30.12.2025 | 17:08

Эң таза калктуу конуш наамына жарыяланган республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Иш-чарага КР жаратылыш ресурстары министри М. Машиев жана Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиев катышты.

Сынактын тандоосунун жыйынтыгы менен санитардык абалды жакшыртууга жана таштандыларды башкаруу системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төмөнкүлөргө байгелер берилди:

  • Ак-Муз айыл аймагы (Нарын облусу, Ат-Башы району) — «Шумкар» үлгүсүндөгү автотехниканы алууга сертификат;
  • Раззаков шаары (Баткен облусу) — таштандыны сорттоочу линияны орнотууга сертификат;
  • Орловка шаары (Чүй облусу) — үч дөңгөлөктүү мотороллер («Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында «Хельветас» уюмунан атайын байге).

Иш-чаранын алкагында экологиялык демилгелерди ишке ашырууга көмөк көрсөткөн сынактын өнөктөштөрү да белгиленди.

Уюштуруучулар баса белгилешкендей, сынактын негизги максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча натыйжалуу тажрыйбаларды киргизүүгө стимулдаштыруу болуп саналат. Мындай иш-чараларды өткөрүү айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү муниципалитеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Scroll to Top