Сентябрь айында кийим өндүрүшү 2021-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 80,3 пайызга өстү. Маалыматты Улуттук статистикалык комитет таратты.
Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча биринчи жарым жылдыкта өндүрүштүн төмөндөшүнүн эсебинен өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 6,9%ды гана түздү.
Акчалай алганда Кыргызстанда 4,4 миллиард сомдук кийим өндүрүлгөн.
Тогуз айда текстиль өндүрүшүнүн өсүшү 5,7% түздү. Булгаары, булгаары буюмдарын жана бут кийимдерди чыгаруу дагы 6,3 пайызга кыскарган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз