Бир сутка ичинде жалпысынан 21 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
СOVID-19 илдетинен төмөнкү аймактардын тургундары айыгып чыкты.
Бишкек шаарында – 2, Ош шаарында –2, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда –1, Жалал-Абад облусунда – 9 Ысык-Көл облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 416 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.