Соңку суткада коронавирустан 2 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдеттен көз жумгандардын бири Бишкек шаарынын тургуну болсо, экинчиси Чүй облусунун тургуну болгон.
Ошондой эле бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети 293 адамдан аныкталган.
“Коронавирус илдети бир күндө Бишкек шаарында 121 кишиден, Ош шаарында 4, Чүй облусунда 63, Ош облусунда 3, Талас облусунда 11, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда, 46 Жалал-Абад облусунда 30, Баткен облусунда 12 адамдан табылды”, – деп билдиришти ыкчам штабдан.
Мындан сырткары бир күндө илдеттен 407 адам сакайган. Муну менен кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 75 395ге жетсе, анын ичинен 67 400 адам сакайган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1297 адам көз жумду.