Ош облусунун Ноокат районунда коронавирустан 87 жаштагы дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Ал Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус адам өмүрүн алган бешинчи учур катталды.
10-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус илдети 298 адамга жукту.